Jump to content

2025:Каттоо

From Wikimania
This page is a translated version of the page 2025:Registration and the translation is 92% complete.


Wikimania@20: Inclusivity . Impact . Sustainability .

Негизги маалыматтар

Найробидеги иш-чараларга болгон билеттер азыр толугу менен таратылып берилди. Кызыгуулардын ушунчалык жогору болгонуна кубанычтабыз. Катталгандарга рахмат! Викиманиянын 20 жылдыгын силер менен бирге өткөрөбүз!

Онлайн иш-чарабызга кошулуңуз! Виртуалдык иш-чарага каттоо акысыз жана Викимания башталганга чейин ачык болот. Негизги уюштуруучу тобу сиздер үчүн мурункулардан дагы кызыктуу, катышууга мүмкүндүк берүүчү виртуалдык иш-чараны даярдап жатышат. Бул жолку иш-чарада сиздер бири-бириңер менен, спикерлер менен жана Найробидеги катышуучулар менен байланыша аласыздар. Жүздөгөн адамдар виртуалдык катышууга катталышты, сиз дагы бизге кошулуңуз! Азыр катталып, бул чоң окуяга күбө болуңуз.

Эгерде сиз Wikimedia Foundation стипендиясын алган болсоңуз, анда сиз өзүңүздүн ваучер кодуңузду колдонуп, иш-чарага акысыз каттала аласыз. Сиз үчүн орун мурунтан эле даярдалып койгон.

Найробиден же башка шаарлардан интернет аркылуу Викиманиянын 20 жылдык мааракесине катышыңыз!

Найробидеги иш-чаралар 5-августта башталат. Бул күнү төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт: атайын укуктарга ээ колдонуучулар үчүн жолугушуу, ВикиАялдар саммити жана Найроби шаарын жана анын айланасын көрүүнү калагандар үчүн маданий сапарлар.

6-августтан 9-августка чейин негизги конференция Найробидеги Жижири аймагында өтөт. Бул чакан, коопсуз жана эл аралык мүнөзгө ээ болгон аймак — абдан кооз Карура токоюна жакын жайгашкан. Семинарлар, трениндер жана жолугушуулар бир биринен алыс эмес жайгашкан жерлерде өтөт.

Каттоодон өткөндөн соң, сиз Викиманиядан толук пайдалануу үчүн керектүү бардык маалыматтарды (толук график, жайгашкан жерлердин картасы ж.б.) таба аласыз.

Карибу Найроби

Найроби ар кандай жашоо шарттарын сунуштайт. Викиманиянын катышуучуларына арналган атайын арзандатууларды берген мейманканаларды [интерактивдүү карта] аркылуу көрүңүз. Ошондой эле, Найробиге (NBO) келген Викиманиянын катышуучуларына авиакомпаниялардын билеттерге болгон атайын арзандатуулары бар.

Сапарга даярдануу, Найробини кыдыруу жана Кенияда убакытыңызды эң жакшы пайдалануу боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биз даярдаган саякат боюнча колдонмону окуп көрүңүз! Суроолоруңуз болсо, бизге wikimania@wikimedia.org дарегине кат жазыңыз.